SerepTV Logo

Баткенде түн ичинде 77 жаштагы аялдын үйүнө кирген шектүү жигит кармалды

Баткенде түн ичинде 77 жаштагы аялдын үйүнө кирген шектүү жигит кармалды
Баткен районунда каракчылыкка шектелген 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 77 жаштагы аялдын үйүнө 18-ноябрга карган түнү 03:00 чамcында беткап кийген жаран кирип, оозун колу менен басып, акча талап кылган. Акча издеп, эки сандыкты чачып, эч нерсе тапкан эмес. Бул факты Баткен РИИБге Кылмыш-Жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Кызыл-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
edita