Баткенде турак үй толугу менен өрттөнүп кетти (сүрөт)
Баткенде турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 96 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Өрт түнкү саат 01:00дө чектөөгө алынып, бир сааттан кийин толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="58743,58744"]