SerepTV Logo

Баткенде сырдуу өлүмгө дуушар болгон аял. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Баткенде сырдуу өлүмгө дуушар болгон аял. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты
Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп жатып, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын денесине жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Сереп Медиага ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. "Ушул жылдын 24-январь күнү Мактым Кожонованын жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 200 метр алыстыктагы тикендүү бүлдүркөндүн арасынан табылган. Бул маалымат Баткен ШИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жансыз дене табылган соң, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ал жактан "киши колдуу болгон эмес" деген корутунду чыгарышты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан. Эмнеден каза болгону тууралуу суроого облустук милициянын басма сөз кызматы жооп бере алган жок. "Кыш эмес беле, балким тоңуп калгандыр", -деген божомолун айтышты. Мактым Кожонова үй-бүлөсү менен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жашачу. Ал 2020-жылдын 23-ноябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Аны табуу иштерине ӨКМден, милициядан кызматкерлер тартылып, туугандары, айылдаштары кошулуп, 200дөн ашык адам тартылган. Жансыз дене 2 айдан кийин табылган.
Unknown Author