SerepTV Logo

Баткенде селден кийинки тазалоо иштери жүрүп жатат

Баткенде селден кийинки тазалоо иштери жүрүп жатат
Баткенде сел сууларын тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 6-май күнү саат 23:13 чамасында Кадамжай районунун тоолорунда жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылындагы №12 Селводзащитанын балансындагы дамбага суу толуп, узундугу 4-5метр аралыктагы дамба бузулуп, Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтпас, Өрүкзар жана Торговый айылдарына коркунуч жараткан. Мындан улам 1500 тургун коопсуз жерлерге чыгарылган. Азыркы убакта суу токтогон, жергиликтүү эл туруктуу жашаган аймактарына кайтышкан. Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
edita