Баткенде сел жүрүп, 17 үйдүн короосун суу каптады (сүрөт)
Кечээ, 1-август күнү саат 21:30 чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Алыш айылында жааган жаан чачындын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Алыш айлында 17 турак үйдүн королорун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөсүнө сел суулары кирген. Сел кетүүчү сай ичиндеги 4 киломметр ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө.
Сай жээгиндеги 13 огороддун жээгин алып эрозия жараткан. Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум-шагал толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 мамыны бузуп кеткен. Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагындагы Валакыш айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, сай ичиндеги 700 метр ички чарбалык жолду бузган. Азыркы убакта ЖК комиссиясы иликтөө тактоо иштерин жүргүзүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="66684,66685,66686,66687,66688,66689,66690,66691,66692"]