Баткенде сел жүрдү
8-июнь күнү нөшөрлүү жаандан улам Баткенде сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Кечээ кечки саат 18:20лар чамасында Лейлек районунун аймагында нөшөрлүү жаан жаап, тоо кыркаларынан сел түшкөн. Лейлек районунун Раззаков-Коргон-Катраң автожолунун 1 чакырымына жана жол каттамынын айрым жерлерине кум, шагыл түшкөн. Бактыга жараша жол каттамы үзгүлтүккө учураган эмес. Ал эми Катраң айылынын Шоро участкасынын болжолдуу 300 метр аралыктагы ички чарбалык арык кум, шагылга толгон. Калыбына келтирүү иштерине автогрейдер, автожүктөгүч тартылган.