SerepTV Logo

Баткенде окуучуну сабаган мугалим камакка алынып, эмне үчүн мындай ишке барганы маалым болду

Баткенде окуучуну сабаган мугалим камакка алынып, эмне үчүн мындай ишке барганы маалым болду
Социалдык тармактарда Кызыл-Кыядагы кыргыз-түрк «Сапат» билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео тараган. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады.
Окуя боюнча Баткен ОИИБден маалымат беришти. "Социалдык тармактарда тараган видео боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү билдирме менен кайрылган. 24-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео тасмага түшкөн 35 жаштагы мугалим 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетине колу менен ургандыгы маалым болгон. Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жашы жете элек 16 жаштагы балага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 35 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды",- дешти.