Баткенде окуучулар мушташып, 3 бала оор абалда ооруканага түшкөнү айтылууда
Баткенде мектеп окуучулары мушташып, 3 бала оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу соцтармак колдонуучусу Санжар Калматай жазды.
Анын айтымында, райондогу Кара-Бак айылында уруу-урууга бөлүнүп, массалык мушташ болгон.
«8-класстын балдарын 10-класстын балдары уруп, 3 бала ооруканада оор абалда жатат», - деп жазды ал.
Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан Сереп Медиа агенттигине маалымат такталып жатканын билдиришти.