Баткенде мыйзамсыз ташылып келаткан 2 тонна мандарин кармалды
Баткен облусунда чек арачылар мыйзамсыз ташылып келаткан жүктөрдү аныкташты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында Volkswagen LT 46 унаасын башкарып бараткан кыргыз жараны кармалган.
Анын унаасын кароо учурунда уруксат кагаздары жок 2 тонна мандарин табылган. Алар Тажикстандан мыйзамсыз алынып келаткан.
Аталган облустун Кадамжай районуна караштуу Шаршара тилкесинде бүгүн, 23-апрелде чек арачылар Hyundai-Porter унаасын токтотуп, текшеришкен. Андан Өзбекстандан мыйзамсыз алынып келаткан 400 килограмм жез табылган.
Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жүк менен ээси тиешелүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="40044,40045,40046,40047,40048,40049"]