Баткенде контрабандалык жүктү алып бара жаткан адам кармалды
Баткен облусунан контрабандалык жүктү алып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-апрелде Баткен райондук сотунун сакциясына ылайык, Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда жайгашкан "Партнер Нефть" май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлгөн. Кампанын аймагындагы тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.
Кармалган автоунаа УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өтөрүү пунктунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди. Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.