SerepTV Logo

Баткенде кайра сел жүрүп, турактарды, жолдорду жууп кетти

Баткенде кайра сел жүрүп, турактарды, жолдорду жууп кетти
Кечээ, 19-май күнү Баткен облусунун аймактарында сел жүрүп, турак-жай, жолдорду жууп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кара-Булак айыл башчысынын берген маалыматына ылайык, мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Кара-Булак айыл аймагындагы Узун-Кол жана Айгүл-Таш сайларынан келген сел суулары айылдын ички чарбалык жолдоруна, турак үйлөрдүн короолоруна кирген. Алдын ала маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Бөжөй айылындагы тоо жылгалардан түшкөн сел суулары, айрым турак үйлөрдүн короосуна кирип, ички жолдун 50 метр аралыгында кум, шагылга толуп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.