Баткенде жүргөн сел: Бир катар жолдор жабылды
Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улаам Айгүл-Таш - Согмент - Таян, Сох - Кан - Зардалы, Коргон - Катран - Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен - Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду. Кошумча маалымат берилет.