SerepTV Logo

Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, аял ооруканага түштү

Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, аял ооруканага түштү
Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, аялы ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 31-декабрь күнү түнкү саат 00:46 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну денесинен жараат алып түшкөндүгү боюнча кабарланган. Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Сурак учурунда жабырлануучунун 32 жаштагы күйөөсү 30-декабрь күнү аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткендигин билдирген. Учурда аялдын абалы туруктуу орто, ал өзүнүн көрсөтмөсүндө өзүнө-өзү кол салгандыгын, эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген. Азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.