SerepTV Logo

Баткенде жол жээкте отурган жаранды өлтүрө сүзгөн шектүү кармалды

Баткенде жол жээкте отурган жаранды өлтүрө сүзгөн шектүү кармалды
Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. 28-январь түнкү саат 03:00 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Кыя-Кулатов унаа жолунун 1-чакырымында Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын тургуну 1975-жылы туулган жаран жол жээгинде отурган кезде белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кесепетинен 1975-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон. Ошол учурда айдоочуну кармоо үчүн "Тосмо" иш-чарасы киргизилип, анын негизинде Кадамжай РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 2002-жылы туулган жигит кармалып, тергөөгө жеткирилген.