SerepTV Logo

Баткенде жер силкинди

Баткенде жер силкинди
Өзбекстанда катталган жер титирөөнүн күчү Баткен облусуна да сезилди. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Бүгүн, 15-июнда түнкү саат 2:24тө Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Лейлек районунун Ак-Чечек айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.