Баткенде бала сууга чөгүп, көз жумду
Баткенде бала сууга чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Лейлек районундагы Баул айылындагы көлмөдө болгон. Сууга бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 10 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан баланын сөөгү табылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди.