SerepTV Logo

Баткенде жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү (сүрөт)

Баткенде жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү (сүрөт)

Кечээ, 6-июль күнү саат 17:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжайдагы Охна сайында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аймакта сел жүрүп, Күлдү, Жоогесек, Бостон тилкелеринде темир шакекче менен курулган 6 көпүрө жана ички чарбалык жолдордон болжол менен 230 метр жана ички арыктардан болжол менен 170 метр жер жабыркаган. "Бүгүн жерине тазалоо жана суунун жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарын алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаментинен 2 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылган", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62554,62555"]