Баткенде издөөдө жүргөн жаран Бишкекте кармалды
Баткенде издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы тургуну 2021-жылдын май айынан бери Жазык процессуалдык кодексинин айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу беренеси менен издөөдө жүргөн.
Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 28 жаштагы жаран июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.