Баткенде ишкерди коркутуп, акча талап кылган шектүүлөр кармалды
Баткенде ишкерди коркутуу жолу менен акча каражатын опузалап талап кылууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
29-июнь күнү Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 27-июнь күнү Умар аттуу жаран (аты өзгөртүлдү) жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен, айына 500 доллар берүүсүн талап кылып коркуткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча Баткен ОИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап акча талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун тургундары 1986-жылы туулган жаран менен мурда соттолгон 1986-жылы туулган жаран кармалды. Шектүү жарандар Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөр Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.