SerepTV Logo

Баткенде банктын кызматкерин алдап кеткен шектүү кармалды

Баткенде банктын кызматкерин алдап кеткен шектүү кармалды
Кызыл-Кыяда жасалма акчаны алмаштырып, изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 2023-жылдын ноябрь айында белгисиз жаран Кызыл-Кыя шаар аймагындагы банктардын биринен 7000 жасалма долларын алмаштырып, изин жашырып кеткен. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, Ноокат районунун 28 жаштагы тургуну экендиги такталып, Бишкек шаарынан качып жүргөн жеринен кармалды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.