Баткенде баңгизатты жашыруун сатып жүргөн жаран кармалды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында баңгизатты мыйзамсыз жашыруун сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусттук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунунун жанынан өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 3 граммга жакын болгон гашиш заты табылып алынган. Кармалган жаран гашишти Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургунунан алгандыгын билдирген.
"Кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө 8 даана целлофан пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү жалпы салмагы 69,5 грамм болгон зат табылып алынган. Табылып алынган зат экпертизанын жыйынтыгында гашиш экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген, тергөө иштери жүрүп жатат.