Баткенде аялы мыкаачылык менен өлтүрүлүп, күйөөсүнүн асынган абалда табылышы. Маркумдардын артында 3 уул, 1 кызы калды
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришип, Баткенде 35 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, жолдошу асынган абалда табылганын билдиришкен.
- Милициянын маалыматы боюнча 19-июнь түнү саат 04:00 чамасында Кадамжай шаарында жайгашкан үйдө 1987-жылы туулган аял жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен. 1987-жылы туулган жолдошу жубайынын денесине ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып, аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү жолдошу Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган.