SerepTV Logo

Баткенде аял киши УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Баткенде аял киши УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды
Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 15-февралда УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз жараны кармалган. Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.