SerepTV Logo

Баткенде аудиолордон улам жигит кармалды (видео)

Баткенде аудиолордон улам жигит кармалды (видео)
Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Баткен ОИИБге өлкөдө тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды белгисиз жаран социалдык тармак аркылуу пайдаланып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Баткен облусунун тургуну 1997-жылы туулган жаран колдонгон интернет баракчасынан аудио материалдар көчүрүлүп, экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул аудио материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористик уюмуна таандык экендиги аныкталган. Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Анын жашаган үйүнө тинтүү учурунда уюлдук телефон 4 даана, 21 даана диск жана 14 даана китептер алынган. Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.