Баткенде аткезчилик менен ташылып бараткан күйүүчү май аныкталды
Баткен облусунда күйүүчү жана майлоочу майлардын контрабандалык ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2021-жылдын 1-апрелинде УКМК чек ара кызматынын «Жаны-Жер» аскер кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда май куючу жайлардын биринин кампасына берилген санкциянын негизинде тинтүү жүргүзүлдү.
Кампанын аймагына жүргүзүлгөн тинтүүнүн учурунда, коңшу өлкөнүн жасалма мамлекеттик номерлүү жеңил унаасы табылып, анын салонунан 650 литр солярка табылып алынды.
Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="33301,33302,33303,33304"]