SerepTV Logo

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келаткан 5 тонна жашылча-жемиш аныкталды

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келаткан 5 тонна жашылча-жемиш аныкталды
Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен алып келе жаткан товарды аныктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, чек ара кызматкерлери аталган аймактын Кулунду айылында кызмат өтөп жатып, шек санаткан унааны токтотуп, текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада, Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен эки Кыргыз жараны Тажикстандан өлкөгө жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып келе жатканы аныкталган. Кармалган жүктүн көлөмү болжол менен 5 тоннаны түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчилик менен алып келе жаткан товардын жалпы баасы 530 миң сомдон ашык сумманы түзөт. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар, унаалар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилген.  
edita