SerepTV Logo

Баткенде алтын саткандарды сызга отургузган шектүү кармалды

Баткенде алтын саткандарды сызга отургузган шектүү кармалды
Алтын буюмдарды алып, убадасын аткарбай качып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир ажы” борбордук базарындагы алтын саткан сатуучулар 2024-жылдын февраль, апрель айларында алтын буюмдарын аял баалашып алып, акчасын бербей качып жүрөт деп 4 арыз түшкөн. Бул арыздар Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, ал сатуучуларга жалпы 286 миң 444 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтиргендиги такталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш издөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Ош шаарында качып жүргөн жеринен кармалган.  Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.