SerepTV Logo

Баткенде 5 чет өлкөлүк жаран кылмышка шектелип кармалды

Баткенде 5 чет өлкөлүк жаран кылмышка шектелип кармалды
Баткенде “Нелегал-Трафик” операциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу милициядан маалымдашты.
Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Нелегал-Трафик” операциясы 7 күнгө созулуп, 2 уурулук, 1 опузалап акча талап кылуу, 1 диний-экстремисттик материалдарды таратуу жана жайылтуу, 1 мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларынын бети ачылып, шектүү катары кармалган атуулдар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Баткен облусунда жүргөн чет өлкөнүн жарандарына мамлекеттин мыйзамын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кылмыш жасабоосу боюнча эскертүүлөр берилди. Кыргыз өлкөсүндөгү белгиленген тартипти бузган чет өлкөнүн 9 атуулуна протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды. “Нелегал-Трафик” операциясына облус аймагындагы ыкчам кызматкерлер жана кызматтык автоунаалар тартылып, облус аймагындагы мечиттер, базарлар, автобекеттер, мейманканалар жана шахталар текшерилип чыкты.