SerepTV Logo

Баткенде 3 күндө 2 миллион 650 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды (сүрөт)

Баткенде 3 күндө 2 миллион 650 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды (сүрөт)
Баткен облусунда 2 миллион 650 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМК кызматкерлери УКМКнын чек ара кызматы менен бирдикте Баткен облусунун Лейлек районунун Мурас-Арка унаа жолунда 11-декабрынан 14-декабрына чейин төмөнкү контрабандалык жол менен келе жаткан товарлар кармалган:
  1. 1993-жылы туулган Арка айылынын тургуну Т.А.А. жана Кулунду айылынын 1981-жылы туулган тургуну Д.Б.А. аттуу жарандарынын башкаруусундагы эч кандай коштоочу документтери жок көп сандагы тиричилик техникалары бар 2 даана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа;
  2. Кулунду айылынын 1985-жылы туулган тургуну А.А.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа, эч кандай коштоочу документтери жок кондитердик азыктары (650 коробка таттуу нерселер, жалпы салмагы болжол менен 3250 кг) менен.
Кармалган унаалар жүк менен бирге “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын аймагына сактоо үчүн токтотулду. Эксперттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, кармалган жүктүн болжолдуу суммасы 2 миллион 650 миң сомдон ашык. Бул фактылардын негизинде УКМК иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="219594,219595,219596,219597,219598,219599"]