SerepTV Logo

Баткенде 22 жаштагы келин көз жумду. Милиция жолдошун кармады

Баткенде 22 жаштагы келин көз жумду. Милиция жолдошун кармады
Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя 2-январда катталган. Жакындарынын айтымында, келинди жолдошу сабаган. Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти. "Анын жолдошуна 122-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти милициядан.