Баткен шайлоо комиссиясынын имаратынан ноутбук уурдалды
Баткендеги аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынан ноутбук уурдалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу билдирди.
Анын айтымында, учурда бул уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды жана ноутбук аймактык шайлоо комиссиясына кайтарып берилди.
Ошондой эле Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун айтымында, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы өлкө боюнча 21 кылмыш, 15 тартип бузуу жана 4 мыйзам бузуу фактылары катталды.