Кызыл-Кыяда унаадан өрт чыкты. Анын кимге таандык экендиги такталууда (сүрөт)
Баткенде унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен зматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-июнда саат 03:21 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 85-86 чакырымында Деу Нексия үлгүсүндөгү жеңил унаадан өрт чыккан. Өрттүү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 03:37де өрт курчоого алынып, саат 03:46 өрт толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен унаанын алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн.
Унаанын ичинде эч ким болгон эмес жана кимге таандык экендиги, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="58364,58365"]