SerepTV Logo

Баткен облусундагы кампадан 19 тонна контрабандалык помидорлор табылды

Баткен облусундагы кампадан 19 тонна контрабандалык помидорлор табылды
27-мартта УКМК «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын аскер кызматкерлеринин жардамы менен жана чек ара кызматынын ыкчам иштөө башкармалыгы менен биргеликте Баткен райондук сотунун санкциясы боюнча «Шоро» май куюучу жайынын кампасы тинтүүгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагында контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидорлор табылып алынды. Кармалган адамдар Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда унаанын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине укуктук баа берилмекчи. Аталган иштин материалдары Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
edita