SerepTV Logo

Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады

Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады
Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-июнь күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айыл аймагында кыска мөөнөттө катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Газ айылындагы ички чарбалык жолдун 1 чакырым аралыгын ар жеринен сел суулары каптаган. Сел токтоп, жол каттамы ачылган. Бүгүн, 15-июнь күнү комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Unknown Author