Баткен облусунда мамлекеттик мүлк жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен
Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай шаарындагы "Кадамжай-Коммунальщик" мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 гектарды түзгөн эки жер тилкеси ушул эле ишкананын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга мыйзамсыз менчикке берип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен. Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди. Андан сырткары, тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.