SerepTV Logo

Баткен облусунда аткезчилик жүктөр аныкталды (сүрөт)

Баткен облусунда аткезчилик жүктөр аныкталды (сүрөт)
21-22-сентябрда Чек ара кызматынын кызматкерлери  Баткен облусунда аткезчилик жүктөрдү аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Лейлек районундагы Кичи-Бел аймагында күзөттө турган кызматкерлер Кыргыз жарандарынын башкаруусундагы эки Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушкан. Унааларды кароо учурунда документтери жок 4000 килограмм жүзүмдү аныкташты. Айдоочулар аткезчилик жүктү Кыргызстанга Тажикстандан алып келе жатышкан. Ошондой эле, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде Айдаркен чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Айдоочу Кыргызстанга Өзбекстандан документтери жок идиш-аяк алып келе жаткан. Тергөө иштерин улантуу үчүн кармалган жүк жана адамдар тиешелүү органдарга өткөрүп берилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="74248,74249,74250"]