Баткен облусуна Пакистандан алып келинген аткезчилик товарлары аныкталды
Кечээ, 13-апрелде УКМКнын чек ара кызматы Баткен районунун Кызыл-Жол айылынан 3 тоннадан ашык лимон жана 5 тоннадан ашык мандарин жүктөлгөн Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter унаасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган жүк коңшу өлкө аркылуу чек ара жана бажы постторун айланып өтүп, каттоосуз жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргендиги аныкталды. Коштоочу документтердин жоктугунан, товарларды кармоо боюнча актылар түзүлүп, кармалган унаалар бажы терминалына жеткирилген. Учурда бажы органдары товарлардын чыккан өлкөсүн, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарынын көлөмүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.