"Батир сатып берем" деп 1 миллион сомдон ашуун акчасын алып бербей жүргөн жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБиден билдиришти.
"9-майда жаран 2020-жылы ЖЧКнын директору анын ишенимине кирип, турак жай комплекси пайдаланууга берилгенден кийин батир сатып берем деп 1 миллион 461 миң сомду алып, качып бербей жүргөнүн айтып кайрылган. Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында 1986-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.