"Башына баштык кийгизип, тырмак алдына ийне сайып". Кыргызстанда кыйноонун кандай ыкмалары колдонулары айтылды
Улуттук кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков 7-июндагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстанда жарандар кандай кыйноолорго туш болушарын айтып берди.
Анын айтымында, арыздар көбүн эсе милиция кызматкерлерине карата түшөт.
Камакка алынгандар негизинен төмөнкүдөй кыйноо ыкмаларына даттанышат:
- Атайын жабдууларды колдонуу: таякча, электрошокер;
- Желим баштык кийүү аркылуу муунтуу. "Бул адам өзүн жана физиологиялык функцияларын толугу менен башкара албай калган эң катаал жана бузуку ыкма",- дейт Рысбеков.
- Колу, буту менен ургулоо;
- Кээде суу, кум толтурулган желим бөтөлкөлөр менен сабап, калың китептер, журналдар да колдонулат.
- Эч кандай из калтырбаган айрым ыкмалар;
- Айрым учурларда тырмактын астына ийне саюу.