SerepTV Logo

Башкы прокуратура тарабынан 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат беришкендер аныкталды

Башкы прокуратура тарабынан 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат беришкендер аныкталды
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынан көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берүүчү долбоордук документтердин иш-кагаздары текшерилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин айрым кызматкерлери, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, "ГГ" курулуш компаниясы менен жең ичинен келишимге барып, долбоордук документтерди мыйзамсыз берүү менен 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат беришкен. Аталган факты боюнча материалдар кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмачылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
edita