SerepTV Logo

"7 кылмыш иши козголду". Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди кармагандагы видеону бөлүштү

"7 кылмыш иши козголду". Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди кармагандагы видеону бөлүштү
Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармагандагы видеону бөлүштү. Ошондой эле прокуратура министрге 7 кылмыш иши козголгонун маалымдады. "Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси, төрт кылмыш иши - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү. Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат маалыматта.