SerepTV Logo

Башкирияда ишкер аялдын өлүмүнө шектелип кыргызстандык кармалды

Башкирияда ишкер аялдын өлүмүнө шектелип кыргызстандык кармалды
Башкирияда адам өлүмүнө шектелип кыргызстандык адам кармалганын Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады. Маркум — 53 жаштагы Любовь Стерлитамак шаарында ишкерлик менен алектенип келген. Анын кийимдерди сатуучу дүкөнү бар. Ал 2020-жылдын жайында дайынсыз жоголгон. Жакында анын жоголушуна байланыштуу кармалган шектүү кыргызстандык экени белгилүү болгон. Экөө жумуш боюнча байланышып, Илхом товар жеткирип турган. Ал эми маркум акчасын убагында жана толук төлөп келген. Тергөөдөгү маалымат боюнча, окуя болгон күнү экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Маркум товардын сапатына нааразы болуп, мындан улам баасын дагы келише алышкан эмес. Уруштан улам шектүү маркумду муунтуп, андан кийин кудукка таштап кеткен. Андан кийин шектүү Уфа шаарына кеткен. Ал эми маркумду эч ким издебесин деп досторуна кат жөнөтүп койгон. Кылмыш ачыкка чыккандан кийин шектүү күнөөсүн мойнуна алып, үй камагына чыгарууну суранган. [video width="640" height="360" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/zadushil_i_spryatal_telo_v_kolodcze_v_bashkirii_arestovali_obvinyaemogo.mp4"][/video]
edita