SerepTV Logo

"Баш мээси чайкалып, жыныс мүчөсү кесилген...". Таласта 48 жаштагы кишиге операция жасалган

"Баш мээси чайкалып, жыныс мүчөсү кесилген...". Таласта 48 жаштагы кишиге операция жасалган
6-декабрда Бакай-Ата районунда кошуналардын чырынан улам, бирөөсү жаракат алып, ооруканага түшкөн. Turmush басылмасы өз булактарына таянуу менен 6-декабрь күнү 1973-жылы туулган жаран ооуканага мас абалда жеткирилгенин, ага дарыгерлер мээси чайкалып, башынан жаракат алып, жыныс мүчөсү кесилгенин аныкташканын жазып чыкты. Ага операция жасалган. Бейтап 9-декабрь күнү өз каалоосу менен ооруканадан чыгып кеткен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдиришти. "Милицияга 6-декабрда Бакай-Ата районунун ооруканасынан билдирүү келип түшкөн. Анда Бакай-Ата айылынын тургуну криминалдын белгилери менен түшкөндүгүн билдиришкен. Аталган факты Бакай-Ата РИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.