SerepTV Logo

Балыкчыда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү спирт ичимдигин уурдоого шектелүүдө

Балыкчыда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү спирт ичимдигин уурдоого шектелүүдө

Балыкчы шаарында соода борборунан спирт ичимдигин уурдаганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

8-январь күнү Балыкчы ШИИБге шаардын соода борборлорунун биринин өкүлү кайрылып, белгисиз жаран баасы 2700 сомду түзгөн «Jack Daniels» спирт ичимдигин уурдап кеткендигин маалымдаган.

Арыз катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү жаран Балыкчы шаарынын 33 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан топтун мүчөсү катары турган жаран болуп чыкты.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, шектүү катары кармалган жаран, өткөн жылдын июль айында, ошол эле соода борборунан ушундай эле уурулук кылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголду.