SerepTV Logo

Балыкчыда көп кабаттуу үй күйүп, 6 адам куткарылды (сүрөт)

Балыкчыда көп кабаттуу үй күйүп, 6 адам куткарылды (сүрөт)
Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдө бир батир күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Бүгүн, 15-июнь күнү Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдөгү бир батири күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Батирдин ичинен 2 чоң киши, 4 бала атайын куткаруучу альпинисттик шаймандардын жардамы менен куткарылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="117792,117794,117796,117793"]