Балыкчыда батирде чыккан өрттөн 76 жаштагы карыя каза тапты
Балыкчы шаарында батирде чыккан өрттөн 76 жаштагы карыя каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт Орозбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн батиринен чыккан. Жумшак керебет жана жууркан-төшөк күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.