SerepTV Logo

Балыкчыда баштыктан табылган ымыркайдын жансыз денеси. Энеси дагы эле табыла элек

Балыкчыда баштыктан табылган ымыркайдын жансыз денеси. Энеси дагы эле табыла элек
6-мартта Балыкчыда ээн имараттан баштыкка салынган ымыркайдын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден анын энеси табыла электигин билдиришти. "Тергөө иштери жүрүп жатат. Энеси табыла элек дешти",- алар. Ымыркайдын жансыз денеси кара баштыкка салынып, ыргытылган жеринен жергиликтүү тургундар көрүшүп, милиция кызматкерлерин чакырышкан.