SerepTV Logo

Балыкчыда 16 жаштагы сууга чөгүп кеткен кыз изделүүдө

Балыкчыда 16 жаштагы сууга чөгүп кеткен кыз изделүүдө
Балыкчы шаарында көл жээгинде 16 жашар кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. "Бүгүн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу «Толкун» кум жээгинде 16 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткен. Кырсык катталган көл жээгине 7 куткаруучу тартылып, изделүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.