SerepTV Logo

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Кечээ, 17-октябрда саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаев менен Туманов көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу белгисиз унаасы менен 2011-жылы туулган кызды сүзүп, из жашырып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Хонда Фит унаасынын айдоочусу болгон 1980-жылы туулган жаран кармалды.