Балыкчы шаарында эки унаа сүзүштү. Жабыркагандар жок
Балыкчы шаарында эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык Аманбаев көчөсүндө болгон. Анда Мерседес-Бенц Спринтер менен Тойота Ист унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Тойота Ист унаасынын эшиги ачылбай калган. Куткаруучулар унаанын эшигин ачып, айдоочуну - 1961-жылы туулган аял кишини чыгарышкан. Жабыркагандар жок.